Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

Клинтон: НАТО дагы чоңойуу керек


АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Чикагодогу саммит учурунда НАТО келерки жайга кеңейүүсү керек деди. Мындай пикирин Клинтон айым Босния, Грузия, Македония жана Черногориянын өкүлдөрү менен кездешүүнүн башталышында айтып, “Бул саммит уюмга жаңы мүчөлөр кошулбаган акыркы саммит болуш керек деп ойлойм”, - деди. Македониянын НАТОго өткөнүнө Грекия менен өлкөнүн аталышы боюнча талашы гана жолтоо болуп турат. Грузия да альянска мүчөлүккө өтүүгө кам көрүп жүрөт. Бирок Тбилиси 2008-жылкы согушка байланыштуу Москва менен талашын жөндөөгө тийиш. Азыр Босния жана Черногория НАТОго өтүүгө зарыл реформалардын үстүнөн иштешүүдө.

XS
SM
MD
LG