Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

ЮНИСЕФ кыргыз бийлигине кайрылды


Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргызстандын мамлекеттик түзүмдөрүнө кайрылып, балдарга карата зомбулук фактыларын иликтөөгө чакырды.

Чүйдүн Беловодское айылындагы атайын мектептин окуучуларына карата зомбулук болуп жатканын 18-майда Жаштардын укук коргоо тобу деген уюм билдирген. Мектептин жетекчилиги окуучуларды беш гектар жердеги талаа иштерине жумшап жатканы айтылган. Укук коргоочулардын айтымында, балдар айрым мугалимдер жана тарбиячылар тарабынан уруп-согууга да дуушар болуп жатышат. Бул мектепте өзгөчө тарбияга муктаж, тартип бузган 60тай бала окуйт. Укук коргоо уюмунун билдиргенине караганда, мектептин жетекчилиги балдардын талаага жумшалышын "эмгек терапиясы" деп атоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG