Юкио Аманонун бүгүн Венада кабарчыларга билдиргенине караганда, Иран өзүнүн өзөктүк жайларын текшертүүгө негизинен макул болду. МАГАТЭ менен Иран тиешелүү макулдашууга жакын арада кол койот, бирок ага чейин эки тарап майда пикир келишпестиктерди четтетүүсү зарыл.
Тегеранга барып келген Аманонун айтымында, алар Иран Парчин аскердик жайын да текшерүүгө жол ачат деп күтүүдө. МАГАТЭ бул жайда Иран өзөктүк дүрмөттөрүн сынайбы деп шек санап келет.
МАГАТЭ башчысынын Тегеранга эки күндүк сапары Ирандын талаштуу өзөктүк программасы көп тараптуу сүйлөшүүлөр алдында туш келди.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш мүчөсү жана Германия менен Ирандын өкүлдөрү эртең Багдадда жолукканы жатат.
Ирандын бул сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүлү Саид Жалили Тегеран эл аралык коомчулук менен “жаңы кызматташтыктын” башталуусуна үмүттөнөрүн белгиледи:
- Биз Стамбулда макулдашууга жетишкенбиз. Бул - жаңы кызматташтык үчүн негиз. Биз Багдаддагы сүйлөшүүлөр мындай кызматташтыкка келбет берүүчү диалогго болот деп үмүттөнөбүз.
Кабарларга караганда, Тегеран Багдаддагы сүйлөшүүлөрдө өзөктүк жайларга эл аралык инспекторлордун киришине уруксат берилүүсүнүн ордуна ага каршы киргизилген санкцияларды жоюуга чакыруусу мүмкүн. (UE)