Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:50

Түркмөнстан, Ооганстан, Пакистан газ келишимине кол койот


Батыш маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, узактан бери күтүлгөн газ келишимине аталган үч өлкөнүн расмий өкүлдөрү эртең Түркмөнстандын Аваза шаарында, эл аралык газ конференциясында кол койгону жатат.

АКШ колдогон долбоор түркмөн газын Ооганстан аркылуу Пакистанга, андан ары Индияга чыгарууну карайт.

Узундугу 1735 чакырым, наркы 7,6 миллиард доллар келген куурду төшөө идеясы 90-жылдардын ортосунда эле көтөрүлгөн. Бирок курулуш али баштала элек.

Түркмөн бийликтеринин айтымында, бул куур жылына 33 миллион куб метр газ өткөрө алат.

Түркмөнстандан газ сатып алууну караган келишим долбоорун өткөн аптада Индиянын өкмөтү жактырды.

Долбоордун колдоочуларынын айтымында, эгер Ооганстандагы кырдаал стабилдүү болсо, газ кууру 2016-жылдан тарта ишке киргизилмекчи. (UE)

XS
SM
MD
LG