Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Казакстанда жүздөгөн бөкөн кырылды


Өлкө түндүгүндөгү Костанай облусунун Токой чарба жана аңчылык департаментинин төрага орун басары Марат Бегимбетовдун “Азаттыктын” казак кызматына айтканына караганда, аймактан 543 бөкөндүн өлүгү табылган.

Айыл чарба министрлиги бөкөндөрдүн өлүмүнүн себеби эки жума ичинде аныкталарын билдирүүдө.

Бөкөндөр кырылган аймакка өткөн айда орусиялык жана америкалык экипажды салган космос аппараты конгон.

Бирок космос аппараты калтырган химиялык заттардын жаныбарлардын өлүмүнө тиешеси-бар жогу илимий жактан аныктала элек.

Бөкөн - жоголуп бара жаткан жаныбарлардын бири.

Азыр алар Казакстан менен Орусиянын Калмык республикасынын аймагында гана бар. Айрым эсептерге караганда, СССР кыйрагандан берки башаламан аңчылыктын айынан азыр 50 миңдей гана бөкөн калган. (UE)

XS
SM
MD
LG