Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Атамбаев: Түштүктө оюндар токтобосо, улут аралык кагылышка чекит коюлбайт


Кыргыз лидери “Азаттыкка” маегинде соңку элүү жылда өлкө түштүгүндө кыргыз-өзбек кагылышы үч ирет болгонун белгиледи. Атамбаевдин айтымында, буга эки жамааттын аралашпай, бири-биринен обочо жашаганы, улутчулдук менен сепаратисттик кыймылдар, ошондой эле башка мамлекеттердин от жагуу аракеттери себепчи болууда.

“Тилекке каршы, азыр да саясатчылар улутчулдук жана сепаратистттик сезимди козутуп жатышат, аларга башка бир күчтөр шыкакчы болууда. Ар бир жаран, кыргыз болобу, өзбек болобу, улуттук чатактан эч ким утпасын аңдоого тийиш”, - деди президент Атамбаев. Ошону менен катар паспортто улуттук тегин жазганда “Кыргызстандык жаран” деп жазуу демилгесин баштаарын кошумчалады. (SJ/RK)

XS
SM
MD
LG