Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Түркмөн газын Пакистанга жеткирүү келишимине кол коюлду


Түркмөнстандын Аваза шаарында түркмөн газын Индия менен Пакистанга Ооганстан аймагы аркылуу жеткирүү келишимине кол коюлду. АКШнын колдоосу менен жетишилген документке Индиянын мамлекеттик Gail Ltd. ишканасы, Пакистандын менчик Inter State Gas System компаниясы жана Түркмөнстандын расмий өкүлдөрү кол коюшту. Расмий маалыматка караганда, 1 миң 735 километрлик түтүк жылына 33 миллиард куб метр газ ташып турмакчы. Анын баасы 7,6 миллиард доллар болоору болжолдонууда. Кээ бир аналитиктердин айтымында, жаңы куур Вашингтонго Тегеранды обочодо калтырууга дагы бир мүмкүнчүлүк түзмөкчү. Иран Пакистанга өзүнчө түтүк салууга аракеттенүүдө.

Түркмөнстан болсо газ экспортун Орусия менен Кытайдан тышкары башка өлкөлөргө кеңейтүү жолдорун издөөдө.

XS
SM
MD
LG