Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Юлия Тимошенко кайнатасынын тажиясына бара албайт


Украинанын Жаза аткаруу кызматынан бүгүн билдиришкендей, түрмөдөгү экс-премьер-министр кайнатасынын тажиясына катыша албайт. Анткени, мыйзамга ылайык, жаназага көз жумган адамдын тикелей жакын туугандары гана бара алышат, "Тимошенко болсо кайнатасы үчүн жакын тууган болбойт" деп билдиришти.

Юлия Тимошенконун кайнатасы Геннадий Тимошенко көзү өткөнү тууралуу бүгүн эртең менен кабар таркаган эле. Юлия Тимошенко Украинада премьер-министр болуп турган кезде "өлкө үчүн зыянга турган келишимдерге кол койгон" деген негизде жети жылга түрмөгө кесилкен. Жакында ал ден-соолугу начарлап, учурда түрмөдөн ооруканага жаткырылган.

XS
SM
MD
LG