Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасы бир топ мамлекеттердин жарандарына визасыз каттамга уруксат берчү мыйзам долбоорун жактырды. Эгерде долбоор мыйзам катары күчүнө кирсе, АКШнын, Евробиримдиктин жана түштүк-чыгыштагы айрым Азия мамлекеттеринин жарандары Тажикстанга бир айга визасыз каттай алышат. Тышкы иштер минстринин орун басары Махмуджон Собиров бүгүн журналисттерге сүйлөп жатып, тажик өкмөтү визасыз каттамга уруксат берилиши чет-өлкөдөн инвестиция тартууга жана туристтердин келишине шарт түзөт го деп үмүттөнөөрүн айтты. Мыйзам долбоорун эми Сенат жактырышы керек, ошондон кийин гана ал президент Эмомали Рахмонго кол коюуга жиберилет.
Тажик парламентинин төмөнкү палатасы чет өлкөлүктөргө визасыз кирүүгө уруксат берилишин колдоду