Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:13

Нурадагы курулуш боюнча парламентке арыз түштү


Курулуш жана аймактык өнүгүү агенттигинин директору Каныбек Нарбаевдин үстүнөн Жогорку Кеңешке арыз түштү. Бүгүн бул арыз “Ар-Намыс” фракциясында талкууланды. Кайрылуу кат жолдогондор Нарбаевди жер титирөөдөн кыйраган Алай районундагы Нура айылын калыбына келтирүүдө алдамчылык кылып, тендерди туура эмес өткөргөн деп айыпташууда. Нарбаев ал кайрылуу ээлеринин бири дагы Нурага басып барбаганын айтып, “алар жөн эле каралоо максатын көздөп жатышат” деди.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар бул маселе тартип коргоо органдары тарабынан иликтениши керек экенин айтышты. Фракция өз сунушунтарын гана бере алат. Ошондуктан алар кайрылуу кат ээлеринин берген маалыматы эске алынсын деген жыйынтыкка келишти. (RK)

XS
SM
MD
LG