Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

Египетте “Мусулман агаиндер” башка саясий күчтөрдү диалогго чакырды


Мохаммад Мурси жана Ахмед Шафик.
Мохаммад Мурси жана Ахмед Шафик.
Бул өлкөдө 24-майда өткөн президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары “Мусулман агаиндер” кыймылынын талапкери Мохаммад Мурси жана мурдагы премьер-министр Ахмед Шафик экинчи айлампада беттешерин көрсөтүүдө.

“Мусулман агаиндер” шайлоонун биринчи айлампасында жеңилген саясий күчтөрдү жана алардын талапкерлерин вице-президенттин кызматы жана коалициялык өкмөтү куруу маселелери боюнча сүйлөшүүлөргө чакырды.

Аталган кыймылдын лидерлеринин бири Исам ал-Аряндын айтымында, учурдун башкы милдети – “өлкөнү сактоо үчүн бирге иштеп, ыңкылаптын максаттарына жетүү”.

Мурдагы президент Хосни Мубарактын тушунда тыюу салынган исламчыл “Мусулман агаиндер” кыймылы негиздеген партия буга чейин парламенттик шайлоодо да алдыга чыккан.

Алардын талапкери менен 16-17-июнда, экинчи айлампада беттешүүчү Ахмед Шафик - аскер адамы. Мубарак бийлигинин акыркы күндөрү бир ай премьер-министр болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG