Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

«Евровидениенин» баш байгеси Швецияга кетти


Сынактын жеңүүчүсү - ырчы Лорин.
Сынактын жеңүүчүсү - ырчы Лорин.
Азербайжан борбору Бакы шаарында түндө жыйынтыкталган “Евровидение-2012” сынагын 28 жаштагы швециялык ырчы Лорин “Эйфория” аттуу ыры менен жеңип алды. Европадагы 42 өлкөнүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Швециянын теги марокколук ырчысы 372 добуш топтоду.

Европанын быйылкы ыр мелдешинин экинчи орунун орусиялык “Бурановские бабушки” тобу, үчүнчүнү Сербия ырчысы Желько Йоксимович, төртүнчү орунду конок ээси – азербайжандык Сабина Бабаева алды. Финалда жалпысынан 26 конкурсант мелдешти.

“Евровидениенин” финалы алдында Бакуда өкмөткө каршы чыккан ондогон демонстранттар кармалган.

Азербайжандын авторитардык деп саналган өкмөтү эл аралык ыр мелдешин кара майга бай өлкөсүн заманбап жана бакубат мамлекет катары көрсөтүүгө, оппозиция активисттери эл аралык маалымат каражаттарынын көңүлүн адам укуктарынын абалына бурууга умтулушту.

Салтка айлангандай, жеңүүчү катары келерки сынакты эми Швеция тосот. (UE)

XS
SM
MD
LG