Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Грецияда саясатчылар Эл аралык валюта корунун башчысын “грек элин капа кылды” деп сындашууда


Кристин Лагард Британиядагы Guardian басылмасына сүйлөп жатып, грециялыктар салыкка “көңүл кош мамиле кылышканын” өлкөнүн каржылык проблемаларына негизги себеп катары атаган болчу. Социалисттик партиянын лидери Евангелос Венизелос “Лагард гректерди капа кылды” деди. Солчул лидер Алексис Тсипрас болсо “грек эли төлөгөнгө дээрлик мүмкүн эмес салыкты көтөрүүдө” деп айтты.

Грециянын экономикасы азыр Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунун жардамы менен гана кармалып турат. Алар өз кезегинде өлкө ири финансылык колдоону алышы үчүн бюджеттик чыгымдарды кескин кыскартууну талап кылып жатышат. Азыр 17 өлкө мүчө болгон еврозонадан Греция чыгып кетиши да мүмкүн болуп жатканы маселеси андан бетер курчутууда.

XS
SM
MD
LG