Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Бишкекте өспүрүмдөр чоң теннистен күч сынашат


Бүгүн Бишкек шаарындагы Панфилов паркында өспүрүмдөр арасында чоң теннис боюнча эл аралык мелдеш башталат. Уюштуруучулар “Азаттыкка” билдиришкендей, мелдешке Кыргызстан, АКШ, Казакстан, Түркия, Тажикстан жана Ирандан жүздөн ашык жаш жеткинчек күч сынашат. Иш-чараны Дене тарбия жана спорт агенттиги менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги биргелешип өткөрүп жатат. Мелдештин бейформал бөлүгүндө Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери да теннис боюнча күч сынашат. Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулуп жаткан теннис мелдеши 1-июнда жыйынтыкталат. (KKs)

XS
SM
MD
LG