Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

Тибеттик эки кечил Кытайдын саясатына каршылык иретинде өздөрүн өрттөп жиберишти


АКШ тарабынан каржыланган “Эркин Азия” радиосу бүгүн кабарлаганына караганда, тибеттик бутпарас эки кечил Бейжиндин Тибетке карата саясатына каршылык иретинде кечээ өздөрүн өрттөп жиберишкен. Окуя автономдук региондун баш калаасы Лхасадагы бутпарастардын ыйык Жоккаң ибадатканасына кире бериште болду. Бул жерге адатта туристтер көп чогулат. Кечилдер өздөрүнө өрт койгондон бир нече мүнөттөн кийин аларды полиция токтотуп калганга аракет кылышканы айтылат. Радионун кабарына караганда, ал кечилдердин абалы азыр же өтө оор болушу, же өлгөн болушу да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG