Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

Баткенде чек арачынын өлүмү боюнча сот уланууда


Баткен райондук сотунда чек арачы Канат Дүйшөналиевдин өлүмү боюнча сот иши бүгүн уланууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" маркум аскердин атасы Өмүрбек Дүйшөналиев кабарлады. Анын айтымында, күбөлөр суралып, адвокаттар тарабынан далилдер келтирилди. Прокурор чек арачыны өлтүрдү деген шек менен соттолуп жаткан Акылбек Калбаевди өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратууну өтүндү. Ал эми калган соттолуучулар - Алпаниса Талипованы 18 жыл, Таалайбек Шералиевди 14 жыл эркинен ажыратыш керек деди.

Быйыл 12-февралда Баткенде чек арачы жергиликтүү тургундун огунан каза тапкан.

Баткендеги №2022 чек ара бөлүгүнө караштуу Самаркандек чек ара заставасынын чек арачылары 12-феврал күнү Тажикстанга көмүр тартып бараткан автоунааны токтоткон учурда айдоочу чек арачылардын буйругуна баш ийбей жолду тосуп койгон. Жергиликтүү тургундардын бири ошол жердеги чек арачынын куралын тартып алып, ыкчам топту баштап келген Канат Дүйшөналиевге карай атып жиберген. Алган жарааттан чек арачы каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG