Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Отунбаева Канаданын тажрыйбасы менен таанышты


Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Канаданын Монреал шаарында Маданият жана раса мамилелерин изилдеген борбордо болду. Бул тууралуу экс-президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууга эл аралык укук, улут аралык мамиле, дин, адам укуктары боюнча адистер катышты.

Канада тарап улут аралык мамиле боюнча иштеп чыккан атайын саясаты жөнүндө айтып берди. Бул саясат билим, бизнес, билим берүү жана медиа тармактары аркылуу ишке ашат. Мында тартип коргоо кызматкерлеринин ролу чоң экени айтылды. Себеби, Монреал полициясынын өкүлү Жан Эрнест Селестиндин айтымында, "жаңжал чыгып кетпеши үчүн ар бир полиция кызматкери жарандардын иши жана улутуна жараша кандай туура мамиле жасаш керек экенин жатка билет". (RK)

XS
SM
MD
LG