Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Коффи Аннан кайрадан Дамаскиге келүүдө


БУУнун атайын чабарманы Кофи Аннан Сириянын жетекчилиги менен кездешүү үчүн Дамаскиге 28-майда келүүдө. Жекшемби күнү БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сирия өкмөтүн Хула шаарындагы кызыл кыргын үчүн айыптаган. Британиянын элчиси Лайалл Гранттын жыйында билдиришинче:

- Береги танктар жана оор техникалар өз барактарына бир ай мурда кайтыш керек болчу. Ошондуктан, бул мыкчаалыкка кандай жагдай өбөлгө түзгөнү маанилүү эмес. Бул мыкаачылыкты Сирия өкмөтү жасаганы факт.

25-майдагы кыргында кеминде 108 адам, анын ичинде 49 бала жана 34 аял өлтүрүлгөн. БУУнун байкоочуларынын сөзүнчө, элдин көбү артиллерия же танктардын аткылоосунан набыт болгон.

 

XS
SM
MD
LG