Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:09

Атамбаев "Интергласска" барды


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Токмоктун четиндеги "Интергласс" ишканасына барды. Ал өндүрүштү кайра калыбына келтирүү иши менен таанышканын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Интергласс" айнек заводу быйыл жазында кайра иштей баштайт деп Алмазбек Атамбаев былтыр декабрда орусиялык журналисттерге айткан.

Аталган ишкана мыктылардын катарына кирчү. Бирок, президенттин билдиргенине караганда, соңку эки жылдан бери токтоп турат. Эскилиги жеткен жабдуусун алмаштырыш керек болгондо Европа реконструкция жана өнүгүү банкы баштапкы каражатын бөлүп берген. Бирок негизги каражатты өлкөдөгү саясый туруктуулуктун жоктугуна байланыштуу бербей жаткан. Эми абал турукташкандан кийин бул маселе чечилээрине кыргыз тарап ишенээрин Атамбаев билдирген болчу.

"Интергласстын" чыгарган продукциясынын негизги бөлүгү Казакстанга экспорттолчу. Соңку жылдары бул рынокту кытайлык ишкерлер ээлеп алганы айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG