Лондон жана Москва Сирия өкмөтү Хула шаарынан оор аскерий техникаларды чыгарып кетүүсү үчүн Дамаскиге кысымды күчөтөлү деп макулдашты. Бул жөнүндө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг менен кездешкенден кийин маалымдады:
- Биздин билишибизче, бул жерде (Хулада) бейкүнөө адамдардын, анын ичинде ондогон балдардын өлүмүнө эки тараптын да катыштыгы бар экени анык.
Тараптар президент Асаддын режимин жана Сирия оппозициясын зобун-зордукту токтотуп, саясы=ий сүйлөшүүнү баштоого үндөштү.
25-майда Хула шаарында болгон кандуу булоондо бери дегенде 108 адам, анын ичинде 49 бала жана 34 аял өлтүрүлгөн.