Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Ток жегичтер


“Фабула” гезити энергетика тармагында Ширшов түзүп кеткен алып сатар компаниялардын 44ү мурдагы эле “схемалар” менен иштеп жатканын жазып чыкты.

Фабуланын” бүгүнкү санына “Түндүэлектр” ачык акционердик коомунун деректирлер кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаевдин маеги жарыяланды.

Сапар мырза энергетиктердин өзү катышкан кезектеги бир жыйынын кеп кылып, ошондо кайсы бир абонент электр энергиясы үчүн 141 миң сом карызы бар экени тууралуу сөз болгонун, анан ал: “анда эмне үчүн ал абоненттин светин кыркпайсыңар?” деп сураганын, генералдык дирекциянын кишилери бул суроого: “Бул үй Эсеп палатасынын жетекчилеринин биринин үйү экен. Кырксак эле кайра коштуруп алат” дешкенин, анан анын аты-жөнү ким экенин билели деп Эсеп палатасына атайын кат жөнөтсө Эсеп палатасы жооп берип да койбогонун, тилекке карыш мындай моюну жоондор бар экенин мисалга тартты.

-Ширшовдун коррупциялык схемалары жоюлдубу?- деген суроого Сапар Аргынбаев:

-Жок кылына элек. Ширшовдун кишилери дагы эле бар. Ширшовдун 35 миллион сомго кереги жок подстанцияларды, техникаларды сатып алышкан ал адамдары дале иштеп жатат. Ширшовдун схемасы катары таанылган ортодогу алып сатар далдалчы энергкомпаниялардын ушу тапта “Түндүкэлектр” тармагында 44ү бар. Бул компаниялар бүгүн деле мурдагыдай эле алып сатарлык ишин жүргүзүп, далай акчалардын дайыны табылбай жатат. Мисалы “Энерготрейд” деген компания бар. Компания деп катталганы менен балким бир эле кишиники да болушу мүмкүн. Мына ушул ортомчу компания “Чыгышэлектродон” ижарага подстанция алып “Макмал алтын” ишканасына жылына 50 млн. киловатт электр энергия сатат. Аны 1 сом 50 тыйындан эмес 63-68 тыйындан сатат. Ошондо бул ортомчу компания ар бир киловатт саатттан 50 тыйындан эле пайда көргөндө 25 млн. сом пайда көрүп жатат. Энергетика министрлигинде Шадиев баш болгон 5 жетекчинин энергетик болуп иштеген бир эле адиси бар. Анан кантип ушулар реформа жасасын? Ал эми Жогорку Кеңеште энергетика тармагын түшүнгөн бир дагы адис-депутат жок”, - деп айтты.

“Фабула” гезити мындан тышкары КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаковдун маегине орун берди. Ал парламентте дагы бир жолу талкууга алынган Ош окуясынын жыйынтыгына жакын арада чекит коюлбастыгын, күнөөлүүлөр качып жүрүшкөнүн, айрымдар байлыгын сактап калышканын, маселенин тамыры өтө тереңде жатканын айтты.

Депутат Исмаил Исаков бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөш кайсы бир деңгээлде жүрүп жаткан менен жетиштүү болбой жатканына, ал эми Мүлк фондусун жетектеп турган Марат Аманкуловду “Кыргызтелекомдун” сатылышына катуу каршылык кылгандыгы үчүн кызматынан алынганына токтолуп, бул боюнча Бабановду парламентке чакыртып, түшүндүрүп беришин талап кылышарын кошумчалады.

Журналист Эртабылды Аттокуровдун “Курултай куру убарачылык болбосун” деген макаласы басылып, курултай деген согуштук демократиянын учурунда калыптанган неме болгонун, бүгүн ансыз да бирин-бири кайталаган мамлекеттик уюмдарды жоё албай жаткан шартта ажыдаардын төртүнчү башын тирилтүүнүн кандай зарылдыгы бар эле деген суроону койду.

Автор муну менен бирге эле өнүккөн өлкөлөрдүн биринде да курултай сыяктуу уюмдар жоктугун, кыргыз элинин шору-мансапкорлордун тилине кирип, акырында алардын аягына жыгылып калганын көргөндөн кийин гана эсине келерин белгилеп, анын оюнча курултайларды каражат менен камсыз кылгандан көрө ал акчаларды карапайым калктын муктаждыгын чечүүгө жумшоо керек деген оюн ортого салды.

Бүгүн жарыкка чыккан “Алиби” гезити мурдагы чекист, генерал Мирослав Ниязовдун “Николае Чаушескунун тагдыры кыргыз бийлигине сабак болгон жок” деген ат менен маегин тартуулады.

Мирослав мырза бир кездеги КГБнын тапшырмасы менен 85-жылы Румынияга барып иштеп келгенин эскерип, Румыниянын өз эли тарабынан атылып салынган диктатор президенти Чаушескунун кызы абдан эрке талтаң, көп ичкен, эки күндүн биринде эле полиция издеп таап келип, кайра жоголо берген шайкелең эме болгонун, кичүү уулу да көпкөндүктөн дискотекадан башы чыкпаган, бардык чоңдордун балдарындай эле кудай-теңирин тааныбаган эрке талтаң болгонун, акыры президенттин үй-бүлөлүк башкаруусуна чыдабаган румын эли өз президентин аялы менен атып жок кылганын баяндады.

Мирослав Ниязов андан ары өзүнүн иштен Бакиев тарабынан болбогон шылтоо менен айдалганын, ал иштен бошой элек кезинде, кезектеги эс алууда жүргөндө Текебаевдин сумкасына матрешкага тыгылган наркотикти кошуп коюп карматкан чуу чыкканын, ошондон тартып Бакиев бийлигинен биротоло түңүлүп, арыз жазып кетип калганын айтып берди.

“Фабула” гезитине журналист Айбек Шамшыкеевдин ички иштер министри Зарылбек Рысалиев менен көлөмдүү маегин жарыялады. Маектин аты “Бир жылдын ичинде коррупцияны талкалап берем, мага ишениңиз...” деп аталды.
XS
SM
MD
LG