Бишкектеги Американын Борбор Азия университети жаңы кампус курат. Бул тууралуу бүгүн аталган окуу жайдан кабарлашты. Имарат курууга жер 12-кичи райондон сатылып алынды. 30-майда пайдубалы куюлуп, атайын “Мезгил капсуласы” салынат. Ал капсула 50 жылдан кийин гана ачылат.
Американын Борбор Азия университети 1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин бир факультети катары ачылып, төрт жылдан кийин өз алдынча жогорку окуу жайы болуп катталган. Студенттердин 65-70% - кыргызстандыктар, калганы Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Ооганстандан жана башка алыскы чет мамлекеттерден келген улан-кыздар. (RK)