Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Курултайчылар парламентке шарт койду


"Элдик курултай" уюму Жогорку Кеңеште "Курултай жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышын талап кылып, 10-июнга чейин убакыт берди. Койгон шарты аткарылбаса, 11-июндан тарта "бийлик бутактарына ишенбөө акциясы" башталаарын аталган кыймылдын жетекчиси Кадыр Кошалиев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, күндүн биринчи жарымында спорт ордосунда экинчи курултай өтүп, бир жарым миңдей киши катышты. Өлкөнүн абалы жана келечеги, башмыйзамды жаңылоо зарылчылыгы жана биринчи курултайдын чечимдеринин аткарылышы жөнүндө сөз болду.

"Бийлик бутактарынын башчылары келбегенине байланыштуу бир добуштан Ак үйдүн алдына барып митингди уланттык, миндей киши чогулду", - деди Кошалиев.

Ал эми милициянын маалыматы боюнча, чогулгандардын саны төрт жүздүн тегерегинде болду.

Курултайдын Конституцияга киргизилишин каалаган топ жер-жерлерден тандалган делегаттарга сотторду тандап кызматка алуу ишине, мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүгө катышуу укугу берилишин айтып келет. Айрым адистер курултайды өзүнчө институт катары Башмыйзамга киргизүүгө зарылчылык жок экенин белгилеп, анын ролун парламент аткараарын билдиришүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG