Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Милиционер киши өлтүрдү деп шектелүүдө


Бишкекте райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары унаа жолдо баратып бир кишини сүзүп өлтүрдү деп шектелүүдө. Шаардык милициядан "Азаттыкка" кабарлашкандай, кырсык өткөн түнү болгон. Милиционердин машинасы коюп кеткен киши - 40 жаштагы Эркин Эстебесов алган жараатынан өзүнө келе албай, ооруканада көз жумду. Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук кызматы иликтөө жүргүзүп жатат. Тергөө башкармалыгы кылмыш иш козгоду. Кылмышка шектүү милиционер кырсык болгон учурда мас беле же сообу, аныкташ үчүн экспертиза жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG