Чүйдүн Искра айылындагы эркектердин психоневрологиялык жатак интернатында майып сабалды. Бул тууралуу "Психикалык саламаттык жана коом" уюмунан "Азаттыкка" кабарлашты. 27 жаштагы Алмаз Аликеев Белек аттуу кароолчуну интернаттын кампасынан майыптарга делген азык-түлүктү уурдап жаткан жеринен көрүп калганы, андан таяк жегени айтылууда. Бул интернат карамагында турган Социалдын өнүгүү министрлиги маалыматты азыр тактап жатат. (RK)