Орус тышкы иштер министринин орун басары Москва Сирияга чет өлкөлүк аскерлерди киргизүүгө караманча каршы деп билдирди. Геннадий Гатиловдун айтымында, Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешин кайрадан чогултуп, Сирияга каршы жаңы чараларды көрүү эртелик кылат деп эсептейт. Атайын чабарман Кофи Аннандын “планын аткарууга мүмкүнчүлүк бериш керек”, - деди Гатилов.
Дүйшөмбүдө Коопсуздук кеңеши Хула шаарында 108 жайкын тургундун өлтүрүлүшүн айыптаган. Кечээ Франциянын президенти Франсуа Олланд эл аралык аскердик интервенция жокко чыгарылбайт, бирок аны Коопсуздук кеңеши жактырыш керек деген оюн айткан. Кошмо Штаттары аскерлерди киргизүү идеясы ушу тапта акылдуу чечим болбойт деген позициясын карманат.
Ал тапта Жапония Сирия элчисинен Токидон чыгып кетүүнү талап кылды. Хуладагы кыргындан кийин АКШ жана бир катар Батыш өлкөлөрү Сириянын элчилерин чыгарып жиберишкен. Дамаск өкмөтү Хуладагы окуя үчүн террористтерди айыптады.