Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Варшава Вашингтондон кечирим суроону талап кылууда


Польша Ак Үйдөн кечирим суроону талап кылды. Президент Барак Обама Экинчи дүйнөлүк согушта Польшанын каршылык көргөзүү кыймылынын мүчөсү Ян Карскиге Эркиндик медалын тапшырып жатып, “польшалык өлүм лагерлери” деп айткан. Польша тышкы иштер министри Радослав Сикорски Твиттерде Ак Үй мындай “олуттуу ката” үчүн кечирим сурашы керек деп жазып чыкты. Вашинтон администрациясынын коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Томми Витор президент “нацисттердин Польшадагы концлагерлери” жөнүндө сүйлөп атып, “жаңылышып алган” деп билдирди. Варшава нацисттердин лагерлерин “польшалык” деп атоо учурларына кунт коюп байкоо салат.

XS
SM
MD
LG