Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Газ боюнча кыргыз-казак келишими узартылды


Көгүлтүр от боюнча Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы келишим мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Кыргызгаз» ишканасынын басма сөз катчысы Жайнагүл Максимова билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, «КазТрансГаз» Кыргызстанга былтыркы келишимден калган 70 миллион куб метр газды мурдагы баада, башкача айтканда миң кубун 224 доллардан берүүгө макул болду. Мынча көлөмдөгү көгүлтүр от Кыргызстандын түндүгүн октябр айына чейин камсыз кылмакчы.

Кыргызстан былтыр күздөн тартып Казакстандан салыштырмалуу арзан көгүлтүр от ала баштаган. Газ боюнча эки тараптуу келишимдин мөөнөтү апрелдин соңунда аяктап, жаңы келишим түзүү же мурдагы келишимди узартуу маселеси күн тартибине чыккан. Азыр Кыргызстандын түштүк облустарына өзбек газынын миң кубу 290 доллардан сатылып алынат. (KKs)

XS
SM
MD
LG