Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Казакстандык 12 чек арачы жана токойчунун сөөктөрү табылды


Казакстанда Кытай менен чек ара заставасында өрттөн кийин казакстандык 12 чек арачы жана токойчунун сөөктөрү табылды.

Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Лариса Дмитрюк тараткан маалыматка ылайык, Коопсуздук комитетинин жогорку өкүлдөрү жетектеген тергөөчүлөр тобу чек арачылардын курал-жарактарын табышты. Буга чейин аскерлердин куралы жоголгону тууралуу маалымат тараган. Заставада болжол менен 15 чек арачы бар болчу, бирок 12 кишинин гана сөөгү табылды. Калган 3 чек арачынын кайда экени беймаалым.

Жайдын келиши менен дары чөптөрдү кытайлыктар тарабынан чогултулушун алдын алуу үчүн Казакстан Кытай менен чек арасына постторду орнотот.

XS
SM
MD
LG