Бүгүн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кытайга беш күндүк сапары башталууда. Рахмон кытайлык лидерлер менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулап, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышат деп күтүлүп жатат. Кытай – Тажикстандын Орусиядан кийинки экинчи ири соода өнөктөшү. Бул өлкөнүн компаниялары Тажикстандагы ГЭСтерди оңдоп, модернизациялоодон тарта алтын казууга чейинки бир топ долбоорлорду ишке ашырууга тартылган. Соңку жылдары ал долбоорлордо иштеген кытайлыктардын саны да артканы кабарланууда.