Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Бүгүн Египеттин мурдагы президентине өкүм чыгат


Бүгүн сот Египеттин экс-президенти Хосни Мубарак баштаган сегиз чиновникке өкүм чыгарганы жатат. Соттолуучуларга кеминде 850дөн ашык көтөрүлүшчүлөрдү өлтүрдү деген айып тагылууда. Эгер сот мурдагы аткаминерлерди күнөөлүү деп тапса, өлүм жазасы колдонулмакчы. Мындан тышкары Мубарак жана анын эки уулу коррупция боюнча да соттолуп жатат. Кеминде жети миңден ашык тартип коргоо органдары Каирдеги сот өтө турган имараттын коопсуздугун карап жатышат. Мубарак сот залына август айынан бери дарыланып жаткан ооруканадан тик учак аркылуу алынып келинет.

XS
SM
MD
LG