Жума күнү АКШнын ири 30 өнөр жай компаниясынын акцияларынын өтүмдүүлүгүн көрсөткөн Доу Жонс индекси 2, 2% төмөндөдү. Доу Жонс көрсөткүчү быйыл минтип төмөндөй элек болчу. S&P индекси 2,5% жана АКШнын электрондук фондулук биржасындагы сооданын көлөмү 2, 8% ылдыйлады. Акциялардын өтүмдүүлүгүнүн начарлашына май айында 69 миң гана адам жумушка орношту деген кабар себепчи болду. Бул жыл башынан берки эң начар көрсөткүч. Натыйжада, жумушсуздук 0, 1 процентке өстү жана 8, 2% чыкты.