Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Кореядагы кыргыздар нике агенттиктерин жоюуну өтүнөт


Бул тууралуу Түштүк Кореядагы кыргыздар 1-июнда премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен жолугушуу учурунда билдиргенин бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Сеулдагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн айтымында, нике агенттиктери кыргыз кыздарын жалган убада менен Кореяга алып келип, турмушта өз ордун таппай, жашы өткөн корейлерге турмушка беришет.

Сеулда окуп жана иштеп жүргөн жаштардын эсебинде, болжол менен корейлерге турмушка чыккан он кыздын жетөөсү ушундай тагдырга туш болгондор. Бирок мындай жол менен канча кыз келгени белгисиз. Расмий маалыматтар боюнча, түштүк Кореяда 5 миңдей кыргыз бар.

Буга чейин Кыргызстандын ИИМи да нике агенттиктери аркылуу чет өлкөгө кулчулукка сатылгандар арбын экенин билдирген. Мындай көрүнүштөргө чара көрүү үчүн нике агенттиктерин каттоодон өткөрүүнү милдеттендирген мыйзам кабыл алуу сунушталып жатат.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган топ 31-май-1июнь күндөрү Түштүк Кореяда иш сапары менен болгон. (BkA/AKu)

XS
SM
MD
LG