Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Кара-Көлдө соттолуучу бир адам октон жабыркады


Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында бүгүн соттолуучу бир адам октон жабыркаганы кабарланууда. Бул маалыматты "Азаттыкка" шаардык милициядагы ишенимдүү булактар да тастыкташты. Алардын айтымында, кырсыкка кокустук себеп болду. "Соттолуучу адамды сот залына коштоп барган конвой кокусунан атып алды", - дешти милициядан. Жабыркаган адам ооруканада экени, абалы кооптонууну жаратпай турганы айтылууда. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG