Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:57

Бээжинде кыргыз-кытай келишимдерине кол коюлду


Бээжинде бүгүн кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Коммунисттик партиясынын төрагасы Ху Цзинтао менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады. Сүйлөшүүгө расмий делегациялар катышты. Жыйынтыгында төрт документке кол коюлганын Бээжинден "Азаттыктын" кабарчысы Айданбек Акмат уулу кабарлады.

Кыргыз-кытай декларациясына өлкө башчылары кол койду. Кыргызстанда соттолгон кытай жарандарын жана Кытайда сот өкүмү чыккан кыргызстандыктарды мекенине экстрадициялоо, техникалык-экономикалык кызматташтык жана “Датка - Кемин” электр шакекчесин каржылоо боюнча келишимдерге тиешелүү мекеме жетекчилери кол коюшту. Электр линиясын курууга Кытайдын экспорттук-импорттук банкы акча бөлөт. (AiT/RK)

XS
SM
MD
LG