Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

ИИМ: Алгачкы текшерүү органдарын кайра ачыш керек


Ички иштер министрлиги милицияда алгачкы текшерүү органдарын кайра ачыш керек деп тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Коомдук талкууга чыгарылган бул долбоор Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүүнү көздөйт.

Алгачкы текшерүүчүлөр милицияда мурда да болуп келген. Бирок 1999-жылы Кылмыш-жаза кодекси өзгөртүлүп, бул кызматтар жоюлган. Алгачкы текшерүүчүлөр анча оор эмес кылмыштар боюнча арыздарды кабыл алып, материалдарды изилдеп, иликтөө жүргүзчү. Азыр мунун баары тергөөчүлөргө жүктөлгөн. Ички иштер министрлигинин айтымында, 1997-жылы тергөөчүлөр кылмыш ишин козгоодон баш таркан 1 237 учур катталган болсо, былтыр 60 миңге чамалады.

Былтыр ар бир тергөөчүгө айына бештен кылмыш иш туура келди. Өзгөчө Бишкек жана Ошто тергөөчүлөрдүн иши көп экени айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG