Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Кыргыз депутаттар Орусияда көчмө жыйындарын өткөрөт


Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалы менен таанышып, өкмөт аралык келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөө максатында Орусияга жөнөп кетти. Иш сапар 7-июнга чейин уланаарын парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Депутаттар Москва жана Екатеринбург шаарларында көчмө жыйындарды өткөрөт. Эмгек мигранттарынын, айрыкча кыз-келин жана балдардын абалы талкууланат.

Кыргыз өкмөтү Орусияда 341 миң кыргызстандык бар экенин айтып келет. Бирок алардын саны бир миллионго чамалап калганы да айтылууда. Москванын ымыркайлар үйүндө кыргызстандыктар таштап кеткен эки жүздөн ашуун бала тарбияланып жатат. Ал эми өз мекендештеринен кордук көргөн мигрант кыз-келиндер таржымалы азыр интернетте кызуу талкууланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG