Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

Атамбаев кытай өкмөтүнүн башчысы менен жолукту


Бээжинде расмий сапар менен жүргөн кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Кытайдын Министрлер кабинетинин башчысы Вэн Цзябао баштаган жетекчилик менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Кыргыз-кытай кызматташтыгынын маанилүү маселелери талкууланды деп билдирет "Азаттыктын" кабарчысы Айданбек Акмат уулу.

Бүгүн эртең менен Атамбаев Кытай Коммунисттик партиясынын төрагасы Ху Цзинтао менен жолугуп, жыйынтыгында төрт документке кол коюлган.

Кыргыз-кытай декларациясына өлкө башчылары кол койду. Кыргызстанда соттолгон кытай жарандарын жана Кытайда сот өкүмү чыккан кыргызстандыктарды мекенине экстрадициялоо, техникалык-экономикалык кызматташтык жана “Датка - Кемин” электр шакекчесин каржылоо боюнча келишимдерге тиешелүү мекеме жетекчилери кол коюшту. Электр линиясын курууга Кытайдын экспорттук-импорттук банкы акча бөлөт.

Кытайдагы расмий сапары аяктагандан кийин Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышат. (AiT/RK)

XS
SM
MD
LG