Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Украинада тил боюнча мыйзамга нааразылар көчөгө чыкты


Миңдеген демонстранттар украин парламентинин алдында чогулуп, айрым аймактарда украин тили менен катар орус тилине расмий тил макамын берүүнү караган мыйзамдын алгачкы баскычта жактырылышына нааразылык билдиришти.

Мыйзам 5-июнда алгачкы эки окулушунда оппозициячыл депутаттардын катуу каршылыгына карабастан 450 депутаттын 234үнүн колдоосу менен жактырылды. Добуш берүүдөн кийин мыйзамга нааразы болгон оппозициячыл фракциялар узак мөөнөттүү нааразылык акциясынын чегинде парламенттин алдында чатыр турагын орнотушаарын эскертишти.

Бул мыйзам алгач сунуш этилген өткөн аптада депутаттар мушташып, бирөө ооруканага түшүп калган эле. Сунушталган мыйзамга ылайык, украин тили өлкөдөгү жалгыз расмий тил бойдон кала берет, бирок орус тили орус тилдүү калк жашаган аймактардагы соттордо, ооруканаларда жана башка жайларда колдонулушу мүмкүн. (JCh)

XS
SM
MD
LG