Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Иш берүүчүлөргө кошумча милдет сунушталууда


Иш берүүчүлөр бош орундар жөнүндө маалыматты ай сайын жарыялап турушу керек. Мындай талапты Эмгек кодексине киргизүү сунушун Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги айтып чыкты. Бүгүн бул боюнча мыйзам долбоору парламентте талкууланып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эгер бул талап мыйзам түрүндө күчүнө кирсе иш берүүчүлөр ай сайын канча бош кызмат орун бар экени, айлык акысы, иштөө шарты тууралуу маалыматты Иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматына берип турушу керек. Ал эми жумушсуздар бул маалыматты аталган кызматтан бекер ала алат. (RK)

XS
SM
MD
LG