Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:03

Кадамжайда төрт адам кутурмага каршы эмделди


Баткен облусунун Кадамжай районунда төрт киши кутурмага каршы эмделди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

30-майда Кадамжайдын Сур айылында Жеңиш Малаев деген тургундун уйу ооруп калган. Мал ээси 4-июнда мал доктурга кайрылган. Ветеринардык лаборатория ал уй кутурма оорусуна кабылганын аныктаган. Мал ээси жана аялы, карындашы, жээни кутурмага каршы эмделди. (RK)

XS
SM
MD
LG