БУУнун Башкы ассамблеясынын Сирия кризиси боюнча Хамадагы кан төгүүдөн кийинки атайын сессиясында сүйлөгөн учурунда баш катчы Пан Ги Мун уюмдун байкоочулары ал аймакка жетүүгө аракеттенип жатканына токтолуу менен Башар Асаддын режими легитимдүүлүгүн жоготконун белгиледи.
Ал жөн-жай сексендей кишинин өмүрү кыйылышын “сөз менен айтууга болбой турган мыкаачылык” деп мүнөздөдү жана Сирия бийликтерин БУУ менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннандын алты пункттан турган тынчтык планын тезинен аткарууга үндөдү:
- Сирия жана регион бурулуш учурдан кыйроочу учурга тез эле өтүп кете алат. Толук масштабдагы жарандык согуш коркунучу босогодо турат жана реалдуу. Андыктан мен президент Асадды алты пункттан турган тынчтык планын токтоосуз жана шартсыз аткарууга чакырам.
Аннан өзү Башкы ассамблеядагы сөзүндө тынчтык план кабыл алынып, БУУнун байкоочулары Сирияда жайгаштырылганына карабай, ал чын-чынында ишке ашпагандыгын ырастап, өлкөдө кыянатчылыктардын улануусу менен катар ажырым жана радикалдашуу күчөгөнүнө токтолду.
Оппозиция активисттеринин ырастоосунда, Хама провинциясынын Кубаир жана Маарзаф кыштактарында 6-июнда өмүрү кыйылган 80дей кишинин 20дан ашууну балдар, дагы 20 чактысы аялдар.
Активисттердин айтымында, Кубаир кыштагы коопсуздук күчтөрүнүн танктардан аткылоосуна кабылган, бирок каза тапкандардын көпчүлүгү өкмөткө жан тарткан кошуундардагы куралчандардын жакын аралыктан атуусунун же бычактоосунун натыйжасында мерт болгон.
Сириянын мамлекеттик сыналгысы соңку кандуу окуя кандай болгонун такыр башкача чечмеледи. Өкмөттүн билдирүүсүндө Хамада “террордук топ кара санатай кылмышка” барганы, тогуз кишинин өмүрү кыйылганы айтылат. Ушундан кийин кыштак тургундары жардам сурап бийликтерге кайрылган, өкмөттүк күчтөр “террорчулардын очогуна” сокку урган. (UE)