Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Быйылкы туристтик сезон өткөн жылдан 30% жакшы болот


Мындай божомолун Маданият жана туризм министринин орун басары Данияр Казаков Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди. Анын айтымында, Жапонияда туристтик фирмалардын картасында Кыргызстан сары түс менен бойолгон. Бул коопсуз деген маанини билдирет. “Кыргызстанга жакынкы чет өлкөлөрдөн 1,5 млн. алыскы өлкөлөрдөн 40 миң турист келет. Эгер бул сан 4-5 миллионго жетсе, ички дүң продукциянын 12-14% бермек”, - дейт Казаков.

Кыргыз бийлиги быйыл сезон маалында 3 миллиондон ашык турист келет деп күтүп жатат. Былтыр сырттан өлкөнү көрүп, эс алууга келгендердин саны ушунча болгон жана казынага 195 миллион сомдон ашык каражат түшкөн. Андан мурунку жылдары коогалуу окуялардын улам туристтик сезон үзгүлтүккө учураган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG