Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Коогада тек-жайы аныкталбай калгандар кайрадан текшерилет


Башкы прокуратуранын кызматкерлери 2010-жылдын июнь коогалаңында каза болуп, таанылбай калган 21 адамдын туугандарынан кан алып, тек-жайын аныктоо үчүн июнь айынын башында Кытайга учуп кетишти. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев “Азаттыкка” кабарлады. Бул багытта “Кызыл чырым” уюму да көмөк көрсөтүүдө. Алар Түштүк Корея менен сүйлөшүп, текшерүү үчүн материалдар лабораториясына жиберилди.

Буга чейин июнь коогасында каза болгон 21 адамдын ДНК анализдери Москвада да, Кытайда да текшерилип, жыйынтык болбой калган. Расмий эсеп боюнча, 2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абад облустарында кыргыздар менен өзбектердин ортосунда чыккан жаңжалда 447 адам набыт болгон. Эки миңдей жабыркап, дайынсыз жоголгондор да бар. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG