Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

РИО+20: Кыргызстан тышкы карызын кыскартууну өтүнөт


Ушул айдын соңунда Бириккен Улуттар уюмунун РИО +20 саммитти өтөт, анда экология маселелеринин алкагында Кыргызстандын тышкы карызын кыскартуу талкууланат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин макросаясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев билдирди.

Шамшиевдин айтымында, бүгүн Бишкекте мамлекеттик, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстан саммитте эмне маселелерди алып чыгаары, Кыргызстандын улуттук позициясы талкууланып жатат.

Башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстан айлана-чөйрөнү аз кирдетет, эл аралык деңгээлде атайын коюлган чекке жетпейт. Карыз ушунун эсебинен кыскартылуусу каралат.

РИО+20 – бул, БУУнун туруктуу өнүгүү конференциясынын кыскартылган аталышы. Ал быйыл экинчи жолу өткөрүлгөнү турат, алгачкысы 20 жыл мурда ушул эле шаарда уюштурулган. (ТТо)

XS
SM
MD
LG