Улуттар Уюмунун бейкуттукту сактоочу күчтөрү өлкөнүн Либерия менен чектешкен аймагында кайгуулда жүргөндө чабуул болгон. Мерт болгон аскерлер Нигер мамлекетинин жарандары.
БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун бул окуяны айыптап, эл аралык укуктун одоно бузулушу катары баалады. Бейкуттукту сактоочулар Кот-д’Ивуардын мурунку президенти Лоран Гбагбо тарабынан куралдуу чабуул даярдалып жатат деген маалыматтан кийин чек ара тарапка кайгуулга чыккан.
Эки жыл мурун Кот-д’Ивуардагы жаңы шайланган жана мурнку президенттик бийликтегилердин тарапкерлеринин кагылыштарында 3 миңдей адам набыт болгон.