Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

Ош шаарында “Тынчтык коңгуроосу” орнотулду

Июнь окуясынын эки жылдыгында мерт болгондорду эскерүү алкагында коңгуроо орнотуу иш-чарасына президент Алмазбек Атамбаев баштаган расмий өкүлдөр жана шаардыктар, шаардын коноктору катышты.
Аймактагы кабарчыбыздын билдиргенине караганда “Тынчтык коңгуроосу” жылына бир жолу – Июнь окуясын эскерүү маалында кагылат. Ал Борбордук аянттагы “Энелердин көз жашы” эстелигинин жанына коюлду.  50 килограмм салмактагы коңгуроону жасоого 2 килограмм тыйын эритилип, пайдаланылган,  750 миң сом сарпталган. Коңгуроого Ош шаар мэриясы менен Орусиянын Ош шаарындагы консулдугу демөөрчүлүк кылган. (SJ)
XS
SM
MD
LG