Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Сида: Башар Асад шаарларды колдон чыгарууда


Сириянын биргелешкен оппозициясынын жаңы төрагасы Абделбассет Сиданын айтышынча, президент Башар Асад өлкөнүн бер нече шаарын колдон чыгарды жана анын таянычы топудай кичирейди. Сида мындай билдирүүнү ишемби күнү Сириянын Улуттук Кеңешинин төрагасы болуп шайлангандан кийин жасады. Ыстамбулда жайгашкан коалициялык топко Асаддын режимин мыйзамый жол менен кулатууну көздөгөн жети оппозициячыл группа кирет.

Теги сириялык күрт Сида 56 жашта жана акыркы жылдары Швецияда жашайт. Оппозиция былтыр августта обол бириккенден тарта ага Парижде жашаган илимпоз Бурхан Галуин төрагалык кылды

XS
SM
MD
LG