Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:05

Кыргызстанда июнь калабасынын эки жылдыгы эскерилүүдө


Кыргызстанда бүгүн эки жыл мурда Ош жана Жалал-Абадда болгон кыргыз-өзбек калабасында курман болгондорду эскерүү күнү. Чатакта 400дөн ашуун адам набыт болгон. 2 миңден көп адам жабыркаган. Аларды эскерип, Ош шаарында бүгүн “Тынчтык коңгуроосу” орнотулду. Эскерүү аземине президент Атамбаев катышты. Коңгуроону курганга Ош шаар мэриясы менен Орусиянын Оштогу консулдугу демөөрчүлүк кылган.

Бишкектеги эски аянтта да 2010-жылкы каргашанын курмандыктарына арналган жыйын өттү. Премьер-министр жыйында тополоңдун чыгышына “өлкөнү бөлүп жарууну көздөгөн жикчилердин жана реваншисттик күчтөрдүн аракети” түрткү болгонун айтты.

10-июнда өлкө боюнча олуттуу тартип бузуулар катталбаганын “Азаттыкка” ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сейитов билдирди.

Анын айтымында, милиция Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Бишкекте күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. (AU)

XS
SM
MD
LG