Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Египеттин экс-президентинин абалы оор


Египеттин мурдакы президенти Хосни Мубарак бир жумадан ашык убактан бери эс-учуна келе албай жатат. Ал азыр Каирдин Тора түрмөсүнүн ооруканасында жатат. 2-июнда сот Мубаракты 2011-жылкы элдик козголуш маалында өлгөн жүздөгөн адамдардын өлүмү үчүн жооптуу деп өмүр бою эркинен ажыраткан. Египеттин коопсуздук кызматтарынын жана маалымат булактарынын кабарлашынча, 84 жаштагы Мубарак соттон түрмөгө жеткирилгенден бери эс-учун билбейт. Жекшемби күнү Мубарактын зайыбы жана эки келини түрмөнүн ооруканасында болуп, анын саламаттыгынан кабар алып кетишкен. Мубарактын эки жүздөй тарапкери болсо экс-президентти аскердик ооруканага, же менчик госпиталга которууну талап кылып, демонстрация өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG